• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жаныш Раимжанов президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн аппаратын жетектейт

Коом 0

Бишкек, 07.09.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин буйругу менен Раимжанов Жаныш Авазбекович аппараттын жетекчилик кызматына дайындалды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы жаңы дайындалган аппарат жетекчини жамаатка тааныштырып, ийгиликтерди каалады.

Раимжанов Жаныш Авазбекович, 1996-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Билими жогорку, 2018-жылы Ош мамлекеттик университетин жана КР президентине караштуу мамлекеттик академиясын аяктаган. Кесиби боюнча экономист.

Эмгек жолу:

– 2016-2019-жылдары КР өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактар аралык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

– 2019-2024-жылы КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүндө башкы адис;

– 2024-жылдын январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары болуп эмгектенип келген.

Белгилей кетсек, буга чейин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси болуп Уларбек Исмаилов иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий