• 87
  • 89.68
  • 0.84

Жарандардан ишеним номерге 7 айда 34 миңден ашуун кайрылуу түштү – ЖКККББ

Коом 0


Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Жарандардан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишеним номерине 7 айда 34 миңден ашуун кайрылуу түштү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн (0777) 102-102 вотсап номери 2024-жылдын 21-майынан тартып ишке киргизилген.

Бул ишеним номерине жол эрежесине кайдыгер карабаган жарандар көчөдөгү жол эрежелерин бузуу фактылар жөнүндө жалпысынан 34 миң 511 кайрылуу жөнөткөн.

Алардын ичинен:
- 18 миң 969 (54, 9%) кайрылуу унааларын башкаларга тоскоолдук жаратып, туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурлар;
- 3 124 (9%) кайрылуу каршы тилкелерге чыгуу, ашып өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузган учурлар;
- 3 201 (9,20%) кайрылуу жол чырактын кызыл түсүнө баш ийбөө жана жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочулар тууралуу ;
- 1 097 (3,2%) кайрылуу жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузган айдоочуларга байланышкан.

Жарандардын жөнөткөн сүрөт жана видеолору боюнча жол эрежелерин бузган айдоочулардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катталууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан белгилешкендей, ишеним номери коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, жол тыгындарынын жана жол кырсыктарынын алдын алууда ыкчам жана натыйжалуу иштерди аткарууга көмөк көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий