Жарандык коргонуу кызматтарынын медиктери үчүн өзгөчө кырдаал учурларында жардам көрсөтүү боюнча семинарлар болуп өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 17- февраль /Кабар/. Быйыл 15-17-февралда Бишкек жана Ош шаарларында республикалык, облустук, райондук, шаардык Жарандык коргонуу башкармалыктарынын медкызматтарынын башчылары үчүн өзгөчө кырдаал учурларында жардам көрсөтүү боюнча семинарлар болуп өттү.

КР ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган окуу-семинарлар КР ӨКМга караштуу Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун базасында жүрдү.

Сабактын жүрүшүндө угуучуларга “Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу”, “Тынчтык мезгилдеги өзгөчө кырдаал учурунда медкызматкерлердин эвакуациялык иш-аракеттери”, “112 мамлекеттик бирдиктүү күзөт-диспетчердик кызматынын структурасы жана милдеттери”, “Медкызматта жарандык коргонуу иш-чаралары” темаларында лекциялар окулуп, видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий