• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Жаратылыш министрлигинде коррупциялык схема аныкталды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берүүдө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Такталгандай, Жаратылыш министрлигинин айрым кызмат адамдары “П.А.Т.” ЖЧКсынын жетекчилери менен макулдашып, алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк жана висмутка боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү максатында КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны мыйзамсыз трансформациялашкан.

Бул коррупциялык схема ак ниеттүү компаниялардын тоо-кен иштерин жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылып, ошону менен бул тармактагы инвестициялык климатка терс таасирин тийгизгенин белгилей кетүү керек.

Аталган факт боюнча Жаратылыш министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматынын жер казынасын иштетүү башкармалыгынын башчысы К.Р.К. жана “П.А.Т.” ЖЧКсынын мурдагы жетекчиси К.А.Ж. кармалып, Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында Жаратылыш министрлигинин лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын чечими менен алтындын 10 тоннадан ашык запасы бар жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия жокко чыгарылды жана мамлекетке кайтарылды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий