Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.
Жармастандын Бакий доорунда Максым деген бала эмес эле балээ чыккан. Өзү жеткен аксым, кызарган жерди көрсө кыйкырып барып баса калган ачкөз неме болчу. Жанына жалаң кузгундарды чогултуп алып, куркулдап эле учуп-конуп жүрчү. Ошол кузгундардын арасында Валергий Ак качыр дегени бар эле. Дайыма кулагы 1,3 метр, ак качыр минип жүрчү. Каерде эмнени талап кетсе боло тургандыгын, качырынын узун кулагы дароо угуп, Валиге шыбырап турчу. Анан Вали акең Ак качырын башка-көзгө койгулап ошол жакка чаап жөнөчү. Анын жөн чаппасын билген Максым артынан кузгундары менен жөнөп калышчу салпылдап.
Булардан тажаган жармастандыктар бакийчилер менен баш айрылып көз чыкканча чабышып жатып, акыры элден кубалап ийишкен. Алар менен бирге Валергий Ак качыр да безип таптырбай кеткен. Эми болсо Ак качырын камчыланып, улам бир жерден чыга калып, жамандаганы эле Жармастан. “Ак качыр” деген банкымды алып коюшту деп жердин баарына арызданып жүрөт. Ариж деген шаардын сотуна барып Жармастанды 16,5 млн жалаң жашылбайга доого жыгам деди эле иши ордунан чыкпады. Чыкмак турсун “Ак качыр минген аферист” деген статусту мойнуна илип коюшкан. Ариж сотунун чечими боюнча бул статусту ал мойнунан алууга укугу жок. Бирок, митаам неме анысын көргөзбөй сыртынан тонун аңтара жамына салып, ”Ариж соту андай чечим чыгарган эмес” деп айкырып жүрөт.
Мунун эл алдында, сотто сүйлөө манерасы да кызык. Адегенде Валергий акең өзү бирдеме, айткан болот...Сөзүнүн аягына чыга электе Ак качыры азанап коштоп турат...Жармастандын Жутайга легалдуу эшек сатып байыган бир куусу “качырдын териси канча турат?”, - деп Жутайга кат жазган экен, анын жообун тигинин узун кулагы чалып калса керек, жерге сиңип кеткенсип жок болду.
Акыры бир көрүнөрсүң деп Жармастандын эшек бизнесинин кожоюнун агенттери аңдып калды деп уктук. Кебетеси Ак качырдын териси акыры Жутайга кеткени калды окшойт... Ылайым ошентсе экен деп бир турабыз.
Пикир
Оставить комментарий