• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жасалма интеллект журналисттин ишине кандай жардам берет?

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Күн мурун "Россия бүгүн" медиа тобунун атайын долбоорунун директору Михаил Конрад журналисттерге, мамлекеттик органдардын маалымат катчыларына, ошондой эле студенттерге жасалма интеллект менен иштөө боюнча мастер-класс өткөрдү.

Иш-чара Бишкекте SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik маалымат агенттигинде өттү.

Эксперт жасалма интеллект жана Telegram ботторунун жардамы менен ишти кантип бир топ жеңилдетүү керектигин айтып берди.

Анын айтымында, ботту белгилүү бир техникалык билимге ээ болбостон түзсө болот жана ал мессенджер-бот орус жана англис тилдеринде жакшы иштейт.

"Журналисттер бир нече сайттарды карап отурбастан, ыңгайлуу форматта иштей алышат. Жеке колдонуу үчүн продуктуну иштеп чыга аласыз. Бот сизге видео жаратууга, аны транскрипциялоого, үн чыгарууга, ал тургай субтитрлерди кошууга мүмкүнчүлүк берет. Аудионун сапаты төмөн болсо, транскрипцияда каталар болушу мүмкүн. Бирок бот сизге өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн берет. Акы төлөнүүчү жана бекер кызматтар да бар", — деди эксперт.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу тарабынан демилгеленген журналисттер, пресс-катчылар, блоггерлер жана адистештирилген жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн уникалдуу семинарларды, лекцияларды жана мастер-класстарды өткөрүүгө багытталган.

Орус, англис, испан, кытай, француз жана фарсы тилдериндеги оффлайн жана онлайн сессияларында журналисттик кесиптин ар кандай аспектилери, анын ичинде мультимедиялык контентти өндүрүү, социалдык тармактарда иштөө, жаңылык ресурстарына трафик тартуу жана башка көптөгөн маселелер талкууланат.

SputnikPro окутуу сессиялары буга чейин 24 өлкөдө өткөрүлгөн. Жалпысынан 2018-жылдын мартынан бери долбоорго 80 өлкөдөн 10 миңден ашык адам катышкан.

Пикир

Оставить комментарий