Кыргызстандын 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө бир айдай убакыт калды. Майрамды утурлай, борбор калаадагы жүрүп жаткан бир катар курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев таң эрте курулуш жумуштарынын жүрүшү менен таанышты. Жеринде "Кабар" агенттиги калаа башчысы менен маектешип, шаар тургундарын кызыктырган маселелер боюнча суроолорго жооп алды.
— Алга спорт комплексин реконструкциялоо иштери кайсы этапка келип калды? Кызматкерлер менен чогуу мындай текшерүү иштери дайыма болуп турабы?
— Менин катышуум менен бир жумада же эки жумада бир текшерүүгө келип турабыз. Зарылдыкка жараша, тигил же бул тилкедеги иштерди көзөмөлдөйбүз. Бул жерде дайыма шаардын башкы архитектору Урман Карыбаевич, менин орун басарым Азамат Кадырович жана башка бир катар жетекчилер жана подряддчылар болушат. “Эмгек резерви” деген аталышты биз жакында Алга деп өзгөрттүк. Биринчи кезекте мында эски объекттерди кыска мөөнөттө буздук. Планда көрсөтүлгөндөй бир футбол аянтчасы болот. Чыгыш-батыш тарабында дээрлик 3 миң күйөрманга ылайыкталган трибуна салынат. Мунун баары ФИФАнын стандарттарына ылайыкталып курулат. Эки машыгуу футбол талаасы, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн спорт аянтчасы болот. Ошондой эле кичи футбол талаасы, спорт жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, кафе салынат. Жакын жерде Каражыгач токою, Чоң Чүй каналы жайгашкандыктан, курулуш учурунда көп кыйынчылыктар жаралды. Жер казылганда 2 метрден кийин эле суу чыкты, ага карабастан, биз алдыга койгон максаттарыбызга жетүү үчүн, сууга байланышкан көп жумуштарды аткардык. Бул комплестин өзгөчөлүгү – дароо үч оюн өткөрүү боло турганында. Түнкүсүн талаага жарык берүүчү прожекторлор орнотулат, бүгүн пайдубалын бүтөбүз.
— Бардык талаптарга жооп берген спорттук комплекс болот турбайбы...
— Ооба, бул жерде 153 автокөлүк бата турган унаа токтоочу жай салынат. Каналдын жээгине да жол салып, эс ала тургандай аймакты жасайбыз. Ал эми трибунанын алдында болсо, чечинүүчү жайлар, спорттук бөлмөлөр орун алат. Ошондой эле спортчулар үчүн мейманкана салууну пландап жатабыз. Спортчуларыбызды колдоп турсак, жакшы жыйынтыктарды көрсөтөт деп ойлойм. Курулуш иштерин 31-августка чейин бүткөрүү мерчемделген.
— Мында реконструкциялоо иштери деген менен толугу менен жаңы имараттар салынып жаткан турбайбы? Анткени эски бир дагы курулуш жок экен
— Ооба, бардык эски курулуштар бузулду. Ордуна атайын шарттары бар стадионду курсак, жарандарды сергек жашоого үндөөгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Мына азыр газон да төшөлүп бүтүп калыптыр. Бүт иштер эл аралык стандарттарга ылайык жасалды. Талаа автоматтык түрдө сугарылат. Биздин көп убакытыбыз эле талаанын өзүн курууга кетти. Шаарда эми ушундай футбол талаары курулуп баштайт. Эл аралык мелдештерди өткөрүүгө өбөлгө болот. Биз ишти өз мөөнөтүндө, ошол эле маалда сапаттуу бүткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Иштин басымдуу бөлүгү аяктап калды.
— Курулуш иштерине канча каражат сарпталат? Жалпы суммасы канча?
— Бардык соцобъекттерге жана башка курулуш иштерине 3 млрд 400 млн сом каралган. Азыр каражаттын баарын курулуш иштерине салып жатабыз. 1,6 млрд сом жолго бөлүнгөн. Бул каражаттар жергиликтүү бюджеттин эсебинен кетип жатат. Шаардыктар түшүнүш керек, биз эмне үчүн шаардын кирешесин көбөйтүүгө далалат кылып жатабыз. Республикалык бюджеттен эле дайыма каражат сурабашыбыз керек. Азыр өлкө боюнча да бир катар объекттер салынууда.
— Бишкектин мүлктөрүн ижарага берүүгө токтолсок, баалары абдан төмөн коюлган деп айтылды эле...
— Мен кызматка келгенге чейин, атайын долбоор иштелип чыгып, ижаралардын баасын 8-15 эсеге чейин жогорулатуу каралган экен. Биз ишкерлердин жагдайын да түшүнүшүбүз керек. Мен БШКнын алдында баалар тууралуу да өз пикиримди айтып, маселени дагы бир жолу карап чыгалык деп билдиргем. Биз маселени бир канча ирет карап чыгып, жыйынтыгында азыр ижаранын баасын 4-5 эсеге көбөйтүп жатабыз. Жакында эле мен шаардагы кичи базарлардын биринде иштеген соодагерлерди кабыл алдым. Алардын айтуусу боюнча, ижарачысы бизден мүлктү ижарага алат экен. Биз карап чыкканда ал Гагарин көчөсүндөгү жер тилкеси үчүн бир жылга 430 миң сом төлөй тургандыгы аныкталды. Ошол эле учурда соода кылгандардан бир кыйла эле көп каражат чогултчу экен. Комиссия түзгөнүбүздө жарандар түз эле бизге ижарага бергиле деп айтышты. Талкуулардан кийин негизги ижарачы бизге төлөөчү сумманы 1,3 млн сомго жеткирди. Бизде Муниципалдык мүлктөрдү башкаруу башкармалыгы бар, биз алар менен шаардын мүлктөрүн ижарага берүү жагын кайрадан карап чыгуудабыз. Ижарачылар менен сүйлөшүп, рыноктук баалардан 30-40%га чейин төмөн бааларды коюп берүүдөбүз. Учурдан пайдаланып мен шаардыктарга кайрылып кетет элем, кандайдыр бир ижарачылардан же Мүлк башкаруу департаментинин кызматкерлеринен жабыркагандар болсо, тынымсыз байланыш кызматыбызга кайрылуу керек. Анткени бизде бир катар фактылар бар, кызматкерлер атайылап убакыт созуп документтерди бербей, аукцион маалында серверлерди атайылап иштетпей, бардыгы кайра ордуна келгенде, аукцион жыйынтыкталып, аз суммага эле ижарага берилген учурлар бар. Жакында эле кызматкерлер 304 млн сомго ижарага имараттар берилгендигин айтышты. Ал жакта болгону бир гана ижарачы ак ниеттүүлүгү менен 32 млн сом төлөп келген. Ал имаратты колдонууну аукцион аркылуу утуп алган. Ал эми калгандарыныкы аз эле тыйын болуп калып жатпайбы. Мына ушундай жагдайлар бар болгондуктан, баарын карап чыгуудабыз. Бардык эрежелер ачык-айкын жана бардык жарандарга бирдей болушу керек деп эсептейм.
— 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө чейин борбордук Ала-Тоо аянтындагы жана башка курулуш объекттериндеги иштерди бүтүрүүнү мерчемдегенсиздер. Таңкы саат алтыдан баштап эле жумуштар жүрүп жатат. Үлгүрөсүздөрбү майрамга чейин?
— Биз иштерди өз убагында бүтүрүү үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Ала-Тоо аянтындагы иштер бир аз алдыда барататат. Азыр айтып жатышат, 100 метрлик флагштоктун, фонтандардын кереги бар беле деп. Мен айтып кетет элем символикалуу артрибуттар турган аймактарыбызды жаңылап турушубуз керек. Азыр мына курулуш жүрүп жатса да, туристтер кызыгып сүрөткө тартып кетип жатышат. Флагшток орнотулуп жатканда бир киши сүрөткө тартып жаткан, мен журналист же блогер го деп ойлогом, көрсө ал турист экен. Ошондуктан эс алуучуларды кызыктыра турган инфраструктураларды курушубуз керек. Жаңы флагштокко илине турган мамлекеттик туунун узуну 20 метр, туурасы 30 метрди түзөт. 1-сентябрга Чыгыш-5 кичи районундагы 700 орунга ылайыкталган бала бакча жаңыланып, пайдаланууга берилет.
— Шаардын транспорт тармагын өнүктүрүү үчүн кандай иштер жасалууда?
— Биз азыр Шаардык транспорт департаментинин жанында жайгашкан автопаркта турабыз. Бул жерге бир канча жолу президент Садыр Нургожоевич да келген. Мында айдоочулар үчүн бардык шарттарды түзүп берүү жагы бир канча жолу айтылган. Айдоочулар каттамга чыгар алдында мында алардын ден соолугунун абалы текшерилет. Андан соң гана жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берилет. Автобустар катышкан жол кырсыктарына токтолсок, буга чейин деле авариялар болуп келген. Пайыздык жактан алганда миң автобустун ичинен кырсыкка кабылгандары анча деле көп эмес. Анан “мына автобустар талкаланып калды”, деп айтылган коомдук пикирлер туура эмес. Ошол эле учурда адамдык фактор деген да бар. Биз өлкө жетекчилигинин колдоосу менен автобустарды алдык. Ар бир авария биз үчүн кайгырабыз. Улам жол эрежелерин бузгандарга да атайын чараларды көрүп жатабыз. Ремонтко киргизилген унаалар кечке бул жерде токтоп тура бербеши үчүн, оңдоп-түзөө базасын жаңыладык. Азыр мында чоң кырсыкка учураган үч автобус бар. Калгандары майда ремонттон кийин каттамга чыгарылып жатат. Азыр унаалардын шаар ичиндеги кыймылы онлайн көзөмөлдөнүп турат. Кандай жол эрежелерди бузгандыгы көрүнөт. Ошондой эле программа “Мой город” тиркемесине да туташтырылган. Ал аркылуу автобустардын ортосундагы аралыкты сактагандыгын көрсө да болот. Ар бир айдоочунун жанында 5 видеобайкоо камерасы орнотулгандыктан автобустун ичиндеги бардык кыймылдарды байкоого мүмкүнчүлүктөр бар. Азыр айдоочулардын белгиленбеген жерлерден кээде жүргүнчүлөрдү түшүрүшкөн учурлары жок эмес. Ошол эле маалда жүргүнчүлөр да аларга нааразы болушуп каалаган жеринен токтоп коюуну талап кылышууда. Мындай көрүнүштөр катталгандан кийин көзөмөл күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу айдоочулар түшүнүк кат жазышат.
— Сиз буга чейинки бизге берген маегиңизде троллейбустар каттамдардан алынарын айткан элеңиз. Ошондон кийин коомчулукта чет өлкөлөрдүн тажрыйбалары мисал келтирилип, троллейбустардын алынышына каршы болгондор да чыкты
— Биз шаардыктардын пикирин туура эмес деген жокпуз. Бүгүнкү күндө троллейбустардын актуалдуулугу жоголуп баратат, алар эскирди. Линияларды профилактикалык иштер убагында караганыбызда совет маалындагы өткөргүчтөр өзүнөн өзү сынып жатканын көрдүк. Анан ал жакка акча каражатын жумшоонун канчалык зарылчылыгы бар? Бул жагын да караш керек.
— Коомдук транспорттун айдоочуларын даярдоого кандай көңүл бурулуп жатат?
— Биз азыр жаңы технологияларды колдонуудабыз. Айдоочулар атайын аппараттардын жардамы менен кадимкидей унаа башкарып бараткандай рулда отурушуп, автобустун иштегенин түшүнүшөт. Муну менен биз айдоочуларды окутабыз, кайра даярдайбыз. Система жол эрежесин айдоочу бузса, мисалы жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койсо, дароо билдирүү келет. VR көз айнектин жардамы менен да автобусту айдап үйрөнүүгө болот. Машыгуу залдарынан үйрөнүп чыккан айдоочулар окуу автобустарына отурушат, аны 350 саат айдаган соң гана каттамга чыгышат. Бул компьютерлер кошумча жабдуулары менен кошуп эсептегенде 1 млн 700 миң сом сарпталды. Мунун бардыгы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана сапаттуу тейлөө үчүн жасалууда. Айдоочуларга делип атайын кийимдердин дизайны иштелип чыкты, ак, кара түстөгү форма. Бул иштеги тартипти, ошол эле маалда жүргүнчүлөргө да жагымдуулукту тартуулайт. Азырынча ремонт иштери менен алектенген кызматкерлерге 60 комплект кийим сатылып алынды. Дагы кошумчалай кетсек, буга чейин автобустар колго жуулса, азыр автобустарды 2-3 мүнөттө эле атайын жабдуулар менен тазалап бүтсө болот. Мэрия 3 автобус жуучу туннелди сатып алды. Бир туннелди 1-автопаркка, экөөнү Апрель көчөсүндөгү автопаркка орноттук. Бир сааттын ичинде 20-30 автобусту жууп берет. Унаанын булганганына жараша болжол менен 150-200 литрдей суу сарпталат. Бүгүнкү күндүн талабына жараша айдоочулардын айлык акыларын да көбөйтүп бердик. Буга чейин маляр 26 миң сом алп келсе, азыр маянасы жогорулагандан кийин 40 миң сомго жетти.
— Эми мэриянын унаа кыймылына чектөө киргизүү тууралуу чаралары боюнча сөз кылсак. Транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул канчалык деңгээлде шаар ичиндеги унаалардын санын азайта алат?
— Биз бул мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгардык. Биз жабык эшик артында эч кандай чечимдерди кабыл алган жокпуз. Долбоор боюнча айтылган сунуш-пикирлерди эске алабыз. Мындай тажрыйбалар бир катар мамлекеттердин ири шаарларында колдонулуп эле келе жатат. Номерлери так жана жуп сандар менен бүткөн унааларды жумадагы күндөргө бөлүп койдук. Ошондо шаар тургуну бир аптада бир жолу шаар ичинде унаасыз жүрөт. Азыр коомчулукта “жубайым төрөп калса эмне кылам” деген пикирлер да айтылууда. Албетте, биз адамдын ден соолугун биринчи орунга коебуз, кандайдыр бир шашылыш учурларда уруксат берилет. Ошондуктан айтып жатабыз ой-пикирлер кабыл алынып, долбоор дагы толукталат. Биз азыр жолдорду кеңейтип, ремонттоп, жаңыларын салып жатабыз. Бирок болбой эле кайра унаалар көбөйүп, тыгындар пайда болууда. Ошол эле маалда мынчалык унаалардын көптүгү айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип, аба булганып жатат. Бул жаңы чаралар сезилерлик жыйынтыктарды берет деп ойлойм. Буга чейин “Коопсуз шаар” долбоору киргизилгенде айдоочулар эрежелерди бузуп, айып пулдарды төлөшкөндөн кийин, эрежени сактап айдап калышты. Азыркы документ бир айдай коомдук талкууда турат. Андан соң коомчулуктун сунуш-пикирлери эске алынып, тиешелүү министрлик жана ведомстволордо макулдашылат, министрлер кабинетинде, Парламентте каралат. Мунун баары мыйзам чегинде талкууланып чыгат. Бул маселе жабык эшик артында каралып эле, кандайдыр бир чечимдер кабыл алынбайт. Мында бардык сунуш-пикирлер эске алынат. Биз азыр шаардыктарды бир күн унаасыз жүрүүнү демилгелеп жатсак, мэриянын кызматкерлери жумасына эки ирет унаасыз коомдук транспортто же жөө жумушка келүүнү адатка айландырышты.
— Бишкекке башка аймактардан келген унаалардан төлөм алуу да пландалууда. Буга дагы токтоло кетсеңиз
— Ооба, бул дагы биздин демилгелерибиздин бири. Бул демилге акча жыйноого гана багытталган эмес, анын жардамы менен унаа тыгыны көйгөйүн чечүү болуп саналат. Мында эл жеке унаасы менен жүрбөй коомдук транспортто отура баштайт, коомдук транспортко болгон суроо-талап өсөт. Биз азыр автобекеттерди шаар четине чыгарууну пландап жатабыз, ал жакта атайын унаа токтоочу жайлар болот. Башка шаарлардан жана аймактардан келген айдоочулар унааларын токтотуп коюп, бара турган жерине коомдук транспорт менен жетип алат. Ошондой эле айдоочу унаасын токтоткон үчүн алган бонусун жол кире катары колдонуу системасын да иштеп чыгуудабыз. Муну менен биз аларды автобекетке чейин келип, андан ары автобус менен жүрүүсүнө түрткү берген болобуз. Бул чара өз кезегинде шаардын экологиясына да оң таасирин тийгизет.
— Шаар ичиндеги жолдор эски технология менен салынуудабы же жаңы ыкмаларды пайдаланып жатасыздарбы?
— Жолдордун бардыгы эки катмардан турат. Азыр узундугу 22 чакырымга жеткен 6 магистралдык жолду оңдоп жатсак, 1,5 чакырымдык бир жолду жаңы куруудабыз, 15,6 чакырымды түзгөн бир катар көчөлөрдө капталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Жолдорду арзан, ошол эле маалда сапаттуу кылуу башкы максатыбыз. Ремонттолгон Иса Ахунбаев атындагы көчөнүн узундугу 2,1 чакырымды түзөт. Биз оңдоп-түзөө иштерин 25-майда баштаганбыз, бүткөрүү мөөнөтү 23-август деп белгиленген. Бирок иштер эрте эле аяктады. Жол курууда сапаты жагынан алда канча жогору турган жаңы технологияларды колдонгонубузга карабастан, бул тилкеден биз 25 млн сом үнөмдөп калдык. Иш учурунда троллейбустук линиялар толугу менен тазаланды. Жакында жол четиндеги соода күркөлөрү да алынат. Мен дайыма айтып келе жатам, мен жана менин командам борбор калааны өзгөртүүгө болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Биздин алдыбызда аткара турчу көп иштер бар. Шаардын бюджети өнүктүрүү иштерине жумшалууга тийиш. Биздин ар бир кадамыбыз же демилгебиз борбор калаабыздын жакшыртууга багытталган.
— Борбор калаада самокат менен жүргөндөрдүн саны арбыды. Бул багытта кандай иштерди алып барасыздар?
- Самокат менен жүргөндөр боюнча да иштер жүргүзүлөт. Алар жолдо баратып адамдарды коюп кеткен учурлар көп болууда, сүзүп кетсе токтоп да коюшпайт экен. Мунун баарын ирээтке келтириш үчүн Жогорку Кеңеште нормативдик-укуктук актылар даярдалууда. Шаардын инфраструктурасын колдонуп жаткандар да төлөм төлөшү керек, биз болсо ошол эле каражаттарды жолдорго жумшайбыз.
— Шаардыктарды таза суу менен камсыздоо жагын да айта кетсеңиз
— Бишкек шаары Орто-Алыш жана Башкара-Суу суу топтомолорунан суу алат. Биз кышында эле суу объекттеринде оңдоп-түзөө иштерин баштаганбыз. Азыр калк суу менен үзгүлтүксүз камсыздалууда. Учурдан пайдаланып айта кетээрим, шаардыктар таза сууну үнөмдөп колдонушу керек, бакчаларды сугарууга колдонбошу кажет. Суу да ресурс, бардык шаардыктарга тегиз жеткендей кылып, аны да биз үнөмдөп пайдаланышыбыз керек. Быйыл арык жана каналдарды тазалоону баштаганбыз. Азыр шаардын көп жеринде суу бар. Бул иштер токтоп калбайт, арыктар калыбына келтирилет. Буга чейин 20 скважина тазаланды. Буга удаа эле азыр “Башкара-Сууда” 5 скважинаны бургулоо иштери соңуна чыгайын деп калды.
— Өлкөнүн түштүк аймактарын сел суулары каптап, адамдардын өмүрүн алып кетти. Борбор калаанын тургундарынын коопсуздугу үчүн кандай иштер жсалууда?
— Шаардын жогору жагында бийик тоолуу бир канча көлдөр жайгашкан. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине суунун деңгээлине байкоо жүргүзүп туруусун айттык. Алар планга ылайык, бийиктиктен жана жөө байкоо иштерин аткарып жатат. Суу нугундагы көпүрөлөрдүн астын, каналдарды таштандылардан тазалоо иштерин улантып жатабыз.
Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий