• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Жаш бишкектиктер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 3-июлда Бишкектеги мектептердин 165 окуучусу Ысык-Көлгө эс алууга кетишти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, балдарды майрамы жакшы өтсүн деген тилек менен Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева, борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана мектеп окуучуларынын ата-энелери узатышты.

Белгилей кетсек, "Жалын" лагеринде 8 жаштан 15 жашка чейинки 305 бала эс алат. Балдарды каттоо эки агымда жүргүзүлөт:

- биринчи агым 3-июлдан 12-июлга чейин;
- экинчи агым 12-июлдан 22-июлга чейин.

Пикир

Оставить комментарий