• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жаш куракка карабай кантип активдүү бойдон калууга болот? Реабилитолог эрежелерди сунуштайт

Ден соолук 0

Бишкек, 16.09.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Адамдын таяныч-кыймыл аппараты жашоо образына түздөн-түз таасир этет. Ага кам көрүү менен жарандар ден соолугун чыңдай алат. Бул тууралуу реабилитолог Матвей Одинцев “Доктор Питтер” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Жаш өткөн сайын сөөктөр морт болуп, булчуңдар алсыз болуп калат. Бул адамды жаракатка көбүрөөк дуушар кылат жана активдүүлүгүн чектейт. Реабилитолог Одинцевдин санап өткөн сегиз жөнөкөй эрежесин сактоо менен жаш куракка карабай кыймылдуулукту жогорулатууга мүмкүн.

Төмөндө сегиз эрежени тизмектеп беребиз:

1.Бут кийимди туура тандоо

Туура эмес бут кийим кийүү майыптуулукка, май тамандуулукка, белдин, тизенин жана жамбаштын оорушуна алып келет. Жалпак бут кийим, муундарга жана булчуңдарга ашыкча жүк келтирет. Ал эми бийик такалуу бут кийим басуунун табигый биомеханикасын бузуп, жамбаш булчундарынын жана белдин оорусун жаратат.

Күнүмдүк жашоодо такасынын бийиктиги 2-4 см болгон ыңгайлуу бут кийимдерге артыкчылык бериңиз. Мындай бут кийим булчуңдарга жана муундарга күч келтирбейт. Спорт үчүн иштелип чыккан атайын бут кийим тандаңыз. Бүгүнкү күндө адамдын организмине ыңгайлаштырылып жасалган бут кийимдер кеңири тараган.

2. Туура тамактануу

Сиздин күнүмдүк тамактануу адатыңыз муундарыңызды бекемдейт же учурдагы көйгөйлөрдү ого бетер начарлатышы мүмкүн. Буга байланыштуу рациондон төмөнкү азыктарды алып салуу сунушталат: кумшекер, ачыткы, спирт, полуфабрикаттар, колбаса, газдалган суусундуктар. Алар ашыкча салмактын топтолушуна өбөлгө түзөт, зат алмашууга жана муундарга терс таасирин тийгизет. Рационуңузга кальций, D витамини, магний жана коллагенге бай тамак-аштарды киргизүү маанилүү.

3. Ашыкча салмактан арылуу

Ашыкча салмак булчуң-кыймыл аппаратына ашыкча күч алып келип, жаракат алуу, муундардын оорушу, остеоартрит жана башка омуртка ооруларынын өрчүшүнө өбөлгө түзөт.

4. Кыймылды көбөйтүү

Таяныч-кыймыл аппаратынын дени сак болуусу үчүн, үзгүлтүксүз физикалык көнүгүү жасоо зарыл. Физикалык көнүгүүлөр булчуңдарды бекемдейт, ийкемдүүлүктү жана муундардын иштешин жакшыртат. Бирок, жаракат алып калбоо үчүн туура көнүгүүлөрдү тандоо зарыл.

5. Тулку бойду түз кармоо

Тулку бой - бул жөн эле дененин кооз позициясы болбостон, булчуң-кыймыл аппаратынын туура иштешине дагы таасир этет. Тулку бойду туура алып жүрүү, моюндун, ийиндин жана белдин булчуңдарынын чың болуусуна өбөлгө түзөт.

6. Тең салмактуулукту сактоо

Дени сак булчуң-кыймыл аппараты туура көнүгүүлөргө гана эмес, ошондой эле туура кам көрүүгө муктаж. Туура эс алуу жана укалоо кан айланууну, метаболизмди тездетүүгө, бел булчуңдарынын чыңалуусуна, мээнин сергүүсүнө жардам берип, ден соолукту чындоодо маанилүү ролду ойнойт.

7. Ыңгайлуу уктоо

Уйку бул эс алуу эле эмес, дененин бардык системаларын, анын ичинде таяныч-кыймыл аппаратын калыбына келтирүүнүн маанилүү процесси. Туура керебет тандоо булчуңдарды, муундарды калыбына келтирүүгө жана сергек уктоого жардам берет.

8. Жаш убактан тарта ден соолукка кам көрүү

Жаш убактан тарта ден соолукка кам көрүү - бул келечекке болгон инвестиция, ал көп жылдар бою мобилдүлүүктү жана активдүүлүктү сактоого жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий