• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жашыл энергетика тармагына 53 млрд сомдон ашык инвестиция салынат

Экономика 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Жашыл энергетика тармагына 53 млрд 536 млн 256 миң 804 сом инвестиция салынат.

“Жашыл энергетика фондунан” билдиришкендей, 21-октябрда фонд тарабынан энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү жана генерацияны көбөйтүү максатында 17 лот жер тилкесин ижаралоо укугу боюнча конкурс өткөрүлдү. Сынак энергиянын кайра жаралуучу булактарына багытталган бир катар стратегиялык долбоорлорду камтыды.

Конкурска жалпысынан 31 компания катышып, жыйынтыгында 15 лот жер тилкеси боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Жеңүүчүлөр жана объектилери:
1. “ЛВ ЗИЮАН” ЖЧКсы – 500 000 000 сом, кубаттуулугу 500 МВт. Жер тилкеси: 1020 га, Баткен облусунун Кадамжай району, Молдо-Нияз айыл аймагы.
2. “Чанжун” ЖЧКсы – 42,500,000,000 сом, кубаттуулугу 500 МВт. Жер тилкеси: 800 га, Баткен облусунун Кадамжай району, Молдо-Нияз айыл аймагы.
3. “Жашыл Тилек” ЖЧКсы – 4,535,600,000 сом , кубаттуулугу 80 МВт. Жер тилкеси: 100 га, Баткен облусунун Лейлек району, Тогуз-Булак айыл аймагы.
4. “Ак-Суу Энергоресурс” ЖЧКсы – 85 000 000 сом, кубаттуулугу 1,4 МВт. Жер тилкеси: 0,7 га, Ынтымак айыл аймагы, Жайыл району, Чүй облусу.
5. “Жарлы Каинды” ЖЧКсы – 467,500,000 сом, кубаттуулугу 5 МВт. Жер тилкеси: 0,379 га, Панфилов району, Чүй облусу.
6. “Интер Энержи” ЖЧКсы – 315,196,099 сом, кубаттуулугу 4,8 МВт. Жер тилкеси: 3 га, Баткен шаары, Баткен облусу.
7. “Турду” ЖЧКсы – 242,250,000 сом, кубаттуулугу 1,8 МВт. Жер тилкеси: 1,8 га, Озгоруш айылы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу.
8. “Кок-Бел Энерго” ЖЧКсы – 328,848,510 сом, кубаттуулугу 2 МВт. Жер тилкеси: 3,44 га, Кара-Кол шаары, Жалал-Абад облусу.
9. “Мурас Капитал” ЖЧКсы –131,750,000 сом, кубаттуулугу 2,5 МВт. Жер тилкеси: 3,58 га, Кичи-Алай, Араван району, Ош облусу.
10. “Гидро Энергия Ак-Буура” ЖЧКсы –191,250,000 сом, кубаттуулугу 2 МВт. Жер тилкеси: 1,68 га, Добо-Коргон айылы, Ош облусу.
11. “Смарт ГЭС” ЖЧКсы – 21,675,000 сом, кубаттуулугу 500 кВт. Жер тилкеси: 0,072 га, Кожоке айылы, Ноокат району, Ош облусу.
12. “Кыргыз Каганат” ЖЧКсы – 1,530,000,000 сом, кубаттуулугу 18 МВт. Жер тилкеси: 3,2 га, Ит-Агар аймагы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу.
13. “Энерго-проект” ЖЧКсы– 52,187,195 сом, кубаттуулугу 0,66 МВт. Жер тилкеси: 1,48 га, Бештерек айылы, Өзгөн району, Ош облусу.
14. “Кенч ЛТД Кей Джи” ЖЧКсы – 212,500,000 сом, кубаттуулугу 3,8 МВт. Жер тилкеси: 2,46 га, Кара-Суу, Кара-Суу району, Ош облусу.
15. “Кайнама ГЭС” ЖЧКсы – 510,000,000 сом, кубаттуулугу 5 МВт. Жер тилкеси: 0,25 га, Кара-Суу айылы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу.

Пикир

Оставить комментарий