"Жашыл мурас". Баткен облустук медиа борборунун айланасына арча көчөттөрү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Баткен облустук медиа борборунун айланасына арча көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара өлкө башчысы Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында өтүп, жашылдандурууга көңүл буруу зарыл экендиги айтылды.

Саамалыкка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Туризм департаментинин директору С. Шатманов баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана медиа борбордун жалпы эмгек жамааты катышты.

Белгилей кетсек, быйыл Баткен облусуна өзгөчө макам берилип, ар тараптуу жеңилдиктер каралган. Мунун алкагында облустук өкүчүлүктө эл аралык кызматташтык инвестициялар жана туризм бөлүмү ачылды. Анын максаты Баткен облусуна инвестиция тартуу жана облустун туристтик дараметин даңазалоо, өнүктүрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий