• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Эркиндик бульварына жарандардын коопсуздугу үчүн жол белгилери орнотулду

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бишкектин Эркиндик бульварына жарандардын коопсуздугу үчүн жол белгилери орнотулду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, белгилер Биринчи май райондук администрациясы, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жана Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан орнотулду.

"Эркиндик бульварынын Токтогул көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө “Токтоого тыюу салынат” жана эки “Эвакуатор иштеп жатат” белгилери орнотулуп, азыр Эркиндик бульварынын сол тарабында эки тарапка унаа токтотууга тыюу салынды", - деп белгилешти мэриядан.

Белгилей кетсек, акимчиликтин борбор калаанын кызматтары менен биргелешкен ишинин натыйжасында шаардыктардын жана жол кыймылынын коопсуздугу камсыз кылынды.

Ошондой эле 5 соода түйүнүнүн ээлери менен түзүлгөн келишимдин алкагында бул белгилер Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде орнотулду.

Эске салсак, буга чейин Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов белгилүү бир аймакта борборлоштурулган фуд-корт уюштуруу боюнча ишкерлер менен жыйын өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий