• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Жашыл технологиянын жардамы менен чыгымдарды азайтуу. Караколдогу "Тагайтай" экомейманканасынын тажрыйбасы

Аймак 0

Бүгүнкү күндө эксплуатациялык чыгымдарды азайтууну жана айлана-чөйрөнү сактоого салым кошууну көздөгөн ишканалар үчүн жашыл технологияларды колдонуу маанилүү болуп баратат.

Каракол шаарындагы "Тагайтай" эко мейманканасынын энергоэффективдүүлүк үчүн инвестициялоосу экономикалык жана экологиялык жактан олуттуу пайда алып келе турган эң сонун мисал болуп бере алат.

Энергоэффективдүү технологияларды ишке киргизүү

Учурда Караколдогу "Тагайтай" мейманканасы айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу боюнча чечимдерди активдүү ишке ашырууда. Негизги кадамдардын бири катары мейманкананы жайкысын ысык суу менен, кышында жылуулук менен камсыз кылган насосу бар жабдууну орнотуусун айтсак болот. Буга чейин бул класстагы мейманканалар жылына 40 тоннадан 60 тоннага чейин көмүр жагып, бул экологияга терс таасирин гана тийгизбестен, эксплуатациялык чыгымдарды да жогорулатып келген.

Жылуулук насоско жумшалган инвестиция компанияга көмүрдү колдонуудан толук баш тартууга, отундун чыгымдарын кыскартууга жана парник газдарынын эмиссиясын жок кылууга мүмкүндүк берди. Жабдуулардын өзүн актоо мөөнөтү болжол менен 5-7 жылды түзөт, андан кийин мейманкана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу аркылуу чыгымдарды үнөмдөөнү улантат.

Күн энергиясы бизнестин кызматында

Мейманканада күн коллектору жана кубаттуулугу 5 кВт чейин күн электр станциясы бар. Бул орнотуулар күнөстүү күндөрү мейманкананы электр энергиясы жана ысык суу менен камсыз кылып, шаардык тармактарга болгон көз карандылыкты азайтып, электр энергиясына болгон төлөмдөрдү үнөмдөйт.

Күн технологияларына инвестиция салуу эксплуатациялык чыгымдарды гана азайтпастан, ошондой эле мейманкананын энергоэффективдүүлүгүн жакшыртат. Аймакта күндүн инсоляциясынын жогорку деңгээлин эске алганда, мындай системаларды колдонуу өзгөчө пайдалуу.

ЕРӨБ жана эл аралык донорлордун колдоосу

Бул долбоорлорду ишке ашыруу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосунун аркасында мүмкүн болду. Мейманкана системаларды модернизациялоо жана процесстерди автоматташтыруу боюнча бизнес-консультацияларды алды. Консультанттык чыгымдардын 75%га чейинкиси Швейцария өкмөтү, Япония өкмөтү жана Европа Биримдиги каржылаган гранттардын эсебинен жабылды.

"ЕРӨБ консультанттарынын аркасы менен биз мурда жеткиликсиз болуп көрүнгөн системаларды ишке киргизе алдык. Адистердин колдоосу жана профессионалдык кеңештери чыгымдарды бир топ кыскартууга жана мейманкананын экологиялык эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берди”, - деп белгилейт мейманкананын жетекчиси Эмил Уразбакиев.

Экономикалык жана экологиялык пайда

Энергияга кеткен чыгымдарды азайтуу. Жылуулук насосун жана күн технологиясын колдонуунун аркасында мейманкана жылытууга жана энергияга кеткен чыгымдарды бир топ кыскартты.

Инвестицияны тез кайтаруу. Энергия үнөмдөөнүн аркасында салымдар орточо эсеп менен 5-7 жылда өзүн актайт.

Экологиялык жоопкерчилик. Көмүрдүн күйүүсүнө жол бербөө жана кайра жаралуучу энергияны колдонуу CO₂ чыгарууну азайтууга жана аймактын абасын таза кармоого жардам берет.

Кардарларды тартуу. Көптөгөн коноктор экологиялык демилгелерди баалап, айлана-чөйрөгө кам көргөн мейманканаларды тандашат.

"Тагайтай" эко мейманканасынын тажрыйбасы жашыл технологияларды инвестициялоо Кыргызстандын бизнеси үчүн пайдалуу жана жеткиликтүү экенин көрсөтүп турат. Ишканалар өздөрүнүн операцияларын модернизациялоо жана эксплуатациялык чыгымдарды азайтуу үчүн ЕРӨБ жана эл аралык донорлордун колдоосунан пайдалана алышат.

Колдоону кантип алса болот?

  • Толугураак маалымат алуу үчүн ЕРӨБ менен байланышыңыз;
  • Бизнесиңиздин энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктаңыз;
  • Энергияны үнөмдөөчү чечимдерди ишке ашыруу үчүн эксперттер менен план түзүңүз.

Жашыл технологияларды ишке ашыруу – бул экологияны сактоого салым гана эмес, ошондой эле чыгымдарды азайтуу жана бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү.

Пикир

Оставить комментарий