• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жазаларды аткаруу кызматы: Арстан Алай асынып алган

Коом 0

Бишкек, 05.01.24./Кабар/. Бүгүн, 5-январда саат 05:15 чамасында Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) асылып турган абалда табылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев 2023-жылдын 15-декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.

2023-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан А.Абдылдаевге карата 2024-жылдын 15-январына чейин Бишкек шаарынын №1 тергөө абагында камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

2023-жылдын 28-декабрында психиатр-дарыгеринин сунуштамасына ылайык, айыпталуучу А. Абдылдаев "Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген.

№31 мекемеге келгенден кийин, 2023-жылдын 29-декабрында айыпталуучу А.Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү ооруп, башы ооруп, кулагы шуулдап, ашказаны ооруп (тамактангандан кийин), тез-тез чарчап калганына арызданып, дарыгерлердин дарегине кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган: "Такталбаган психотикалык инсандык бузулуу (?). Коронардык жүрөк оорусу . Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору" жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана РПСБнын шартында психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

2024-жылдын 5-январында саат 04:52 чамасында айыпталуучу А.Абдылдаев ЖАКтын дарылоо мекемесинин ашканасына кирип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин (болжол менен саат 05:15те) асылган абалда табылган.

Сөөктү алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул факт АМСнын МЭАЖге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий