• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Түптө баңгизат өндүргөн лабораториянын ишине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.01.24./Кабар/. Түптө баңгизат өндүргөн лабораториянын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына буга чейин Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургундарынан турган баңги узак убакыт бою Бишкекке “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенгендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча, 2023-жылдын ноябрында Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

2024-жылы 3-январында кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдү кармоо чарасы жүргүзүлүп, Ысык-Көл облусунун Түп районунда милиция кызматкерлери 1978-жылы туулган Б.А.Н. жана 2000-жылы туулган Л.Н.В. жүргөн унаасын токтотушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча экөө тең мурда соттолгон.

Унааны текшерүү учурунда шектүүлөрдүн бирине таандык күрмөнүн чөнтөгүнөн 255 грамм салмактагы “марихуана” баңги каражатынын өзгөчө белгилери бар, майдаланган, кургатылган чөп түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк заты табылган.

Мындан тышкары, жүк салгычтан сыналгы аныкталып, ал жерден кинескопко катылган кочкул жашыл түстөгү, салмагы 4305 грамм “гашиш” баңгизаты табылган.

Ошондой эле унаанын ичинде салмагы 1615 грамм болгон майдаланган порошок түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк заты бар ак желим баштык табылган.

Андан аркы ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган жарандар алынган баңги каражаттарын Түп районунун аймагындагы кой короолордун биринен жүктөп жибергендиги аныкталган.

Буга байланыштуу ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Түп РИИБдин Тергөө кызматы менен биргеликте аталган жерге барып, сарайдын жер төлөсүнүн ичинде баңги каражаттарды өндүрүүдө колдонулган буюмдар жана каражаттар бар баңги лабораторияны аныкташкан. Ал жерден дагаралар, газ баллондору, торчолор, кол каптар, отверткалар, скотч, кайчы жана спирттүү флакондор табылган

Мындан тышкары ал жерден Б.А.Н.жана Л.Н.В. таандык 3 полиэтилен баштык табылып, алардын ичинде өсүмдүк тектүү, кочкул жашыл түстөгү, майдаланган кургатылган чөп түрүндөгү, “марихуана” баңги каражатынын өзгөчө белгилери бар, салмагы 17 кг 564 грамм болгон.

Таразага тартууда алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 17 кг 819 грамм “марихуана” жана 5 кг 920 грамм “гашиш” алынган.

Кармалган Б.А.Н. жана Л.Н.В. Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий