• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кара-Суу мэриясынын жыйындар залында депутаттар мушташа кетти — сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кара-Суу шаардык мэриясынын жыйындар залында депутаттар мушташа кетти.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, 15-апрелде саат 16:45тер чамасында Кара-Суу райондук ооруканасынан милиция бөлүмүнө 57 жаштагы Х.Р., аттуу жаран денесинен жараат алып түшкөндүгү боюнча маалымат келген.

Аталган факты маалыматтын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 15-апрелде Кара-Суу шаардык мэриясынын жыйындар залында жабырлануучу Н.А., аттуу жаран анын денесине жараат келтиргенин айтып, чара көрүп берүү үчүн арыз менен кайрылганы такталган.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Айрым ЖМКлардын маалыматына таянсак, "Н.А.", аттуу жаран шаардык кеңештин спикери Абдырахман Назаров, ал эми жабырлануучу "Х.Р.", Рустам Хатамов аттуу депутат.

undefined

Пикир

Оставить комментарий