ЖЭБди калыбына келтирүү. Учурда 9 отказан жана 4 турбоагрегат иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 05.02.24./Кабар/. Учурда Бишкек Жылуулук электр борборунун жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт түзүүдө. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, учурда ЖЭБде 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.

"Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 300 т/саат, температурасы 53 градустан 68 градуска чейин болууда. Электр энергиясын иштеп чыгаруу 6.466.280 кВт.саатты түзүүдө", - деди ал.

Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө бардык үйлөр жылуулукка кошулган. Муздаткычтын параметрлери нормалдаштырылган аймактарга ысык суу кошулуусу акырындык менен улантылат. Бишкек ЖЭБден чыккан температура бир топ жакшырып, жылуулук менен камсыздоо жакшыра баштады.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий