Жээнбек Кулубаев архиепископ Пол Ричард Галлахер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ыйык Тактынын (Ватикан) Мамлекеттер менен байланыштар боюнча катчысы, архиепископ Пол Ричард Галлахер менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушууда Кулубаев архиепископ Пол Ричард Галлахерге Кыргызстандагы учурдагы саясий жана экономикалык абал тууралуу маалымат берип, өлкөдө экономикалык чөйрөнү жакшыртуу, чет элдик инвестицияларды тартуу жана ишкерликти колдоо боюнча жигердүү аракеттер көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Жолугушууда Кыргызстан менен Ыйык Тактынын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жана сапарларды уюштуруу боюнча маанилүү маселелер көтөрүлдү.

Министр Жээнбек Кулубаев бул иш-чаралардын эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык байланыштарды чыңдоо жана кызматташуусун кеңейтүүдөгү маанисине токтолду.

Тараптар Кыргызстан менен Ыйык Тактынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө болгон каалоолорун ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий