Жээнбек Кулубаев: Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону жактайт

Саясат 0

Чолпон-Ата, 02.07.24. /Кабар/. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин реформалоону жактайт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттерге айтып берди.

Анын айтымында, БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоо - БУУнун Башкы ассамблеясынын башкы темаларынын бири. "Жыл сайын бул маселе бардык деңгээлдерде талкууланып келет, бирок БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоо өтө татаал маселе. Көптөгөн өлкөлөрдүн өз көз карашы бар. Япония, Германия, Индия сыяктуу чоң өлкөлөр БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү макамын алууга умтулууда. Алардын өз көз карашы бар. БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болгон беш гана өлкө бар жана алардын макулдугу менен гана реформа жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул маселе 20 жылдан ашык убакыттан бери талкууланып келет", - деди Кулубаев.

ТИМ башчысы Кыргызстан дагы БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону жактай турганын белгиледи. Эгер туруктуу эмес мүчөлүгүнө өтсө, анда биздин өлкө да БУУнун реформаларына салым кошо алат. Бул багытта бир топ иштер жасалат.

БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу Кыргызстанга эмне берет деген суроого Кыргызстандын тышкы иштер министри биринчи кезекте бул имидж экенин белгиледи.

"Экинчиден биз БУУнун Коопсуздук кеңешинин бардык жыйындарына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз жана күн тартибиндеги бардык маселелерге: эл аралык кризистер, согуш жана тынчтык маселелери, экономикалык кризис, климат, адам укуктарына мүмкүнчүлүк алабыз. Биз бул жолугушуулардын баарына катышуу менен катар өз көз карашыбызды билдире алабыз", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий