Жээнбек Кулубаев өрт кырсыгына байланыштуу бангладештик кесиптешине көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бангладештик кесиптеши Хасан Махмудга Дакка шаарындагы соода борборундагы өрттөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

"29-февралда Дакка шаарындагы соода борборунда болгон өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын азабын бөлүшүп, аларга туруктуулук, ал эми жабыркагандарга тез сакайып кетишин каалайм", – деп айтылат КР ТИМ башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий