• 87.7
  • 95.05
  • 0.99

Жээнбеков Абдель Фаттах Ас-Сисини Египеттин Революция күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас-Сисини Египет Араб Республикасынын Революция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Сизди Египет элинин улуттук майрамы — Египет Араб Республикасынын Революция күнү менен куттуктайм.

Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер мындан ары да өнүгүп жана өсө берерине терең ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Египет Президенти Абдель Фаттах Ас-Сисиге бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Египет элине — тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий