• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты

Президент 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Такка отургузуу аземи Токио шаарындагы Император сарайында болуп өттү, анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.

Иш чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Японияда белгилешкендей, бул иш чара Япониядагы императорду такка отургузуу эң ири аземи болду.

Пикир

Оставить комментарий