• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Осмонбетовго: Иштегиси келбеген Геология комитетиндегилердин баарын иштен алгыла

Президент 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Коопсуздук кеңишинин отурумунда өзү жетектеген мекеменин ишмердиги тууралуу доклад жасады.

КРнын Коопсуздук кеңешинин отуруму Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Күн тартибинде жер казыналарын иштетүү тармагында коопсуздукту камсыздоо чаралары талкууланууда.

Эмил Осмонбетов сөзүн аяктагандан кийин Жээнбеков анын докладына нааразылыгын билдирди.

"Сизде жалын, каалоо деген жок. Сиз иштеген мекеменин мурдагы беш жетекчисине карата кылмыш иштери ачылган. Бөлүм башчылары сизди да ушул нерсеге алып келишет. Реформаны баштоо керек. Иштегиси келбеген Геология комитетиндегилердин баарын иштен алыңыз", - деди Жээнбеков.

Президент мекеме башчысын кагаз түрүндө отчет берүү үчүн иштебей, жигердүү иштеп, өзүнүн ишмердигинде олуттуу реформаларга аракет көрүүгө үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий