• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбеков Халтмаагийн Баттулганы «Наадам» улуттук майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганы жана Монголия элин «Наадам» улуттук майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сизди жана Монголиянын боордош элин «Наадам» улуттук майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Ушул жылы Кыргызстанга жасаган расмий сапарыңыздын алкагындагы Сиз менен жолугушуумду жылуу сезим менен эстейм. Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык жана эки тараптуу күн тартиби боюнча иштиктүү пикир алмашууга мүмкүнчүлүк болду. Эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү жактайбыз деп баса белгилейм», — деп жазылган Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Халтмаагийн Баттулгага бекем ден соолук, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Монголиянын элине өсүп-өнүгүүнү жана бакубаттыкты каалады.

Пикир

Оставить комментарий