• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын президенти иш сапары менен Кытайга учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 13-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти иш сапары менен Кытай Эл Республикасына учуп кетти.

Мамлекет башчынын сапарынын максаты 14-15-майда Пекинде өтүүчү “Бир алкак – бир жол” Эл аралык кызматташтык форумуна катышуу болуп саналат.

Форум талааларында Алмазбек Атамбаев «China road and bridge corporation» жол жана көпүрөлөрдүн курулушу боюнча корпорациясынын президенти Лу Шань жана Синьцзяндагы «Хуалин Групп ЛТД» соода-өнөр жай компаниясынын президенти Ми Эньхуа менен жолугушууну пландаштырууда.

16-майда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин эки тараптуу жолугушуусу өтөт.

Белгилей кетсек, аталган форумга 40ка жакын президент катышат.

Пикир

Оставить комментарий