• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жогорку сотто жарандык процесстик жана административдик-процесстик кодекстерин колдонуу боюнча семинар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. Бүгүн, 13-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик жана Административдик-процесстик кодекстерин колдонуу боюнча семинардын экинчи күнү башталып, анын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык, административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын судьялары катышууда.

Семинардын программасы боюнча 5 блоктон турган маселелер каралып, талкуулар болот. Иш чаранын соңунда сурамжылоо өткөрүлүп, тастыктамалар тапшырылат. Семинардын лекторлору – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары А. Базаралиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Г. Калиева жана М. Мельникова, отставкадагы судья Л. Гутниченко.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-майда семинардын биринчи күнү өтүп, Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик кодексин колдонуу боюнча бир катар маселелер каралган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби “Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү” GIZ программасынын колдоосу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана соттордун аппарат кызматкерлеринин билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүү максатында 2017-жылдын 1-июлунан күчүнө кире турган Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик жана Административдик-процесстик кодекстеринин ченемдерин колдонуу жөнүндө адистештирилген тренингдерди өткөрүп башташты.

Пикир

Оставить комментарий