• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ч.Турсунбеков: "Жол кыймылына, айрыкча жол белгилерине өзгөчө көңүл буруу керек"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. Бүгүн, 13-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповду кабыл алып, Бишкек-Торугарт жолунун Оттук айылындагы тилкесинде 9 жаштагы баланын өлүмүнө алып келген унаа кырсыгы тууралуу маалымат алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Каргашалуу окуя тиешелүү органдар тарабынан тыкыр иликтенип жатканын айткан облус жетекчиси Аманбай Кайыпов, Бишкек-Торугарт унаа жолунун Оттук айылындагы тилкесине тиешелүү жол белгилери коюлгандыгын билдирди. Ал эми Төрага Чыныбай Турсунбеков жалпы өлкө боюнча акыркы учурларда жол кырсыктарынын саны көбөйүп жаткандыгын белгилеп, жергиликтүү бийлик органдары, тиешелүү министрликтер жана кызматтар менен биргеликте жолдогу коопсуздукту жөнгө салууга багытталган чараларды иштеп чыгуу керектигин кошумчалады. Ошондой эле Төрага: "Тогуз жаштагы баланын каза болушу, анын ата-энеси үчүн эле эмес, жалпы Кыргызстан үчүн чоң жоготуу. Тилекке каршы, мындай кырсыктар өлкөдө күн сайын катталууда. Андыктан, жолдогу унаа кыймылына көзөмөлдү күчөтүү менен бирге, чоң жолдор жайгашкан айылдардагы жана шаарлардагы коомдук жайлардын, айрыкча мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу мекемелердин жанындагы тиешелүү жол белгилеринин абалын тез арада аныктап чыгуу зарыл", - деди.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 11-майында Бишкек-Торугарт унаа жолунун Оттук айылындагы тилкесинен "Мерседес" үлгүсүндөгү унаа 9 жаштагы баланы сүзүп кетип, натыйжада өспүрүм ооруканага жетпей каза тапкан. Каргашалуу окуядан улам, жергиликтүү эл аталган унаа жолун тосуп, жолго тиешелүү жол белгилерин коюуну талап кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий