• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эки өлкөнүн Эриш-аркак жылы маанилүү окуя — Бактыгулов

Коом 0

Москва шаарындагы Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эки өлкө башчысынын катышуусунда өттү.

Президенттер аземдин ачылышында сөз сүйлөп жатып Кыргызстан менен Россияны ишенимдүү шериктештик жана стратегиялык өнөктөштүк мамиле байланыштырып тургандыгын айтышты. Андан тышкары, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык баардык багытта өз нугу менен өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилешти.

Эриш-аркак жылдын ачылышында эки өлкөнүн чыгармачыл топтору менен искусство адамдары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Картинки по запросу "шерадил бактыгулов кабар"

Саясатчы, мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов "Кабар" агенттигине өз ою менен бөлүштү.

"Эки өлкөнүн Эриш-аркак жылынын ачылышы иш эми башталып жаткандыгын эске алганда абдан маанилүү окуя", - дейт ал.

Бактыгулов баса белгилегендей, жыл эми гана башталууда жана ушундай жакшы окуя менен башталып жатат. Алсак, президент Жээнбековдун иш сапары, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылышына мамлекет башчысынын катышкандыгы. "Бул быйыл Россияда Кыргызстанга арналган бир катар иш-чаралар өтөт дегенден кабар берет. Кыргыз Республикасында дагы ушул өңүттөгү кыргыз-орус алакаларына арналган иш-чаралар өткөрүлөт", - дейт саясатчы.

Эриш-аркак жылдын жана иш-чаралардын маанилүүлүгү тууралуу айтып жатып Бактыгулов бул биринчи кезекте алдыда белгилене турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык мааракеси болмокчу деп билдирди.

Ш.Бактыгулов Кыргызстан менен Россияда ар кыл багыттагы 200дөн ашык иш-чара пландалгандыгын эске салды. Алардын ичинде - маданий жана экономикалык форумдар, эки өлкө өкүлдөрү ортосундагы бизнес форум. Саясатчынын айтуусунда, жыл ичинде ири жана пайдалуу иш-чаралар өткөрүлөт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий