• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

БШК президенттин күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти

Коом 0

Бишкек, 08.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн жыйынында президенттин күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти. Бул тууралуу “Кабар”агенттигине БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, ал учурдагы президенттин күбөлүгүн көрбөгөндүктөн кандай айырмачылык бар экенин айта албайт. “Мен буга чейинки президенттердин күбөлүгүн көргөн эмесмин. Бирок бүгүн биз президенттин күбөлүгүн бекитип жатабыз, демек, мындай зарылчылык бар. Жалпысынан, күбөлүк мыйзамда айтылгандыктан бекитилет, демек, бул аткарылышы керек. Мен түшүнгөндөй, мурда күбөлүк болгон, бирок анда эмне камтылышы керектиги бекитилчү эмес. А мында биз көрсөткүчтөрү боюнча: күнү, кызматка кириши, инаугурация жана башка. Биз бул күбөлүк менен эч кандай суроолор болбошу үчүн шайлоону жана инаугурацияны мыйзамдаштырып жатабыз”, - деп билдирди Осмоналиев.

Анын маалыматында, күбөлүктүң көлөмү стандарттык. Сол жагында мамлекеттик герб, оң жагында – мамлекет башчынын аты-жөнү жана анын шайланган күнү.

Белгилей кетсек, БШК 30-октябрда президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Шайлоодо 54,22% добуш менен Сооронбай Жээнбеков жеңип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий