Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков АКШнын Нью-Йорк шаарындагы 2001-жылы Дүйнөлүк соода борборунун талкаланган мунараларынын ордуна теракттын кесепетинен курман болгон адамдарды эскерүү үчүн орнотулган «11-сентябрь» Улуттук мемориалына гүл койду.
Мурда кабарлангандай, Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Йоркко Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясындагы жалпы дебаттарга катышуу үчүн келген.
Пикир
Оставить комментарий