Бишкек, 19-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча жумушчу сапарын улантууда. Өкмөт башчы бүгүн, 19-июлда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунундагы бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү, ошондой эле ички жолдор менен таанышат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, электр энергиясын колдонуу маселесин талкуулайт.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек-Ош авто жолунун 133-чакырымындагы тилкенин абалы жана Токтогул шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги асфальттоонун жүрүшү, Көтөрмө айылындагы насостук станциянын курулушу жана Үч-Терек айыл аймагындагы суткалык суу бөлүштүрүү бассейни менен таанышат.
Ал ошондой эле Арал айылындагы Т. Тешебаев атындагы орто мектептин, А. Керимбаев атындагы райондук маданият үйүнүн абалын көрүп, Көтөрмө айылындагы К.Чокоев атындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышат. Мындан тышкары Токтогул шаарындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, бактериологиялык лабораториянын абалы менен таанышат.
Пикир
Оставить комментарий