Женевада Эдил Байсалов Эл аралык миграция уюмунун жетекчилиги менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Женевада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген Кыргызстандын делегациясы Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) башкы директору Эми Поп менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар миграция жаатындагы эл аралык күн тартибиндеги Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу маселелер боюнча кеңири пикир алышты.

Атап айтканда, жаңжалдан кийинки кырдаалдарга жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу глобалдык чакырыктар, алардын өлкөлөрдүн саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген потенциалдуу таасири талкууланды.

Кыргызстан менен Эл аралык миграция уюмунун ортосунда ЭМУнун долбоордук-программалык иш-чараларын ишке ашыруу аркылуу эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча кызматташууну активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Тараптар ошондой эле президент Садыр Жапаровдун глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн шартында тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча көз карашын ишке ашыруунун алкагында биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий