• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Саат 10.00гө карата мыйзам бузуулар катталган жок - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө саат 10.00гө карата мыйзам бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого чейин 49 укук бузуу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алар төмөнкүлөр:
- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн шарттарын бузуу – 17 факты;
- талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар жөнүндө – 6 факты;
- административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу – 2 факты;
- талапкердин шайлоо фонду жөнүндө – 2 факты;
- добуштарды сатып алуу мүмкүндүгү жөнүндө – 2 факты;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарынын бузулушу – 2 факты;
- талапкерлерди каттоону/каттоону жокко чыгарууну бузуулар жөнүндө – 6 факт;
- башка бузуулар – 5 факты катталган.

Макилов кошумчалагандай, учурда добуш берүү процесси тартип бузууларсыз, мыйзам чегинде жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий