Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Баткен облусунда шайлоо өз нугунда өтүүдө.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, облус аймагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо маалында жалпы 950 милиция кызматкери, 424 элдик кошуун жана 300гө жакын ИИМдин ардагери коомдук коопсуздукту сактоодо.
Шайлоо убагында жарандардын коопсуздугуна, мыйзамдуулуктун сакталышына, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана мыйзамсыз иштерге ыкчам иш-чараларды көрүү максатында Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Азыркы сааттарга укук бузуу фактылары аныкталган жок.
Пикир
Оставить комментарий