• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Майыптыгы бар жарандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/ Добуш берүү күнү шайлоо участкаларында майыптыгы бар жарандардын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Боршайкомдон билдиришкендей, шайлоонун алдында шайлоо комиссиялары жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте райондо жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын муктаждыктары боюнча карталарды түзүштү. Бул карталарга ылайык шайлоо участкаларында мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларды колдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Алар:

  • Шайлоо участоктору имараттардын биринчи кабаттарында жайгашкан;
  • Ыңгайлуу кирүү жана жөө жүргүнчүлөр үчүн маршруттар жана жеке унаалар үчүн токтоочу жайлар уюштурулган;
  • Пандустар, жардам чакыруу баскычтары жана атайын белгилер бар;
  • Жетиштүү жарык менен камсыз кылынат;
  • Анда талапкерлер, партиялар тууралуу материалдар жазылган маалымат стенддери бар. Маалымат чоң жана Брайл шрифтинде даярдалат;
  • Шайлоо материалдары шайлоочулардын бардык категориялары үчүн жеткиликтүү болгудай жайгаштырылат;
  • Добуш берүүчү кабиналар майыптар арабасы менен жүргөн шайлоочулар үчүн ылайыкташтырылган жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыз кылат.
  • Кабиналар атайын трафареттер, лупа, кошумча жарыктандыруу жана отургучтар менен жабдылган.

Ошондой эле көрүүсү начар шайлоочулар катталган бардык шайлоо участокторуна Брайл шрифтиндеги шайлоо бюллетендери жана трафареттер жөнөтүлдү. Брайл арибинде 983 бюллетень даярдалган:

749 бюллетень - шаардык шайлоо участкалары үчүн;
234 бюллетень - айылдык шайлоо участкалары үчүн.

Пикир

Оставить комментарий