• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин вице-мэри бала бакча жана мектептердин курулушу менен таанышты - сүрөт

Коом 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Бишкектин вице-мэри Нурлан Шаршеналиев Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын аркылуу курулуп жаткан билим берүү мекемелеринин курулуш иштери менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, вице-мэр №75 орто мектептин курулушу менен таанышып, учурда кошумча имараттардын курулушу жүрүп жаткан №40, №20, №73, №35, №6 мектептерди дагы текшерди.

Ошондой эле Жал-29 кичирайонундагы бала бакчанын курулушун жана №10 жана №76 орто мектептерди бекемдөө, капиталдык оңдоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алды.

Текшерүү учурунда вице-мэр курулуш иштерин күчөтүүнү белгилеп, курулуш материалдарынын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2022-жылга республикалык бюджеттин эсебинен 9 билим берүү мекемесин куруу пландалып, учурда бетон аралашмасын куюу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий