• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Саат 18:00гө карата 969 миң 787 жаран добуш берди

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жалпы республика боюнча саат 18:00гө карата шайлоочулардын 23,45%ы добуш берди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул саатка карата жалпы 969 миң 787 шайлоочу добуш берди. Анын ичинен шаардык кеңештерге добуш берүүгө 332 миң 207 жаран катышса, ал эми айылдык кеңештерге добуш берүүгө 637 миң 580 жаран келди. Ошондой эле аралыктан 4 миң 716 жаран өз тандоосун жасады.

Белгилей кетсек, жалпысынан 33 шаардык кеңеште 993 депутат жана 231 айылдык кеңеште 5391 депутат шайланат.

Пикир

Оставить комментарий