• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

ЖЭБдеги авария. Бишкекте жылуулук бардык үйлөргө берилди, ысык суу кечке чейин берилет – Райымбеков

Коом 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкекте жылуулук бардык үйлөргө берилди. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде "Бишкекжылуулуктармагы" ААКнын директору Уран Райымбеков билдирди.

Анын айтымында, ысык сууну бардык колдонуучуларга бүгүн кечке чейин чейин берүү пландалууда.

“Биздин жумушчулар азыр режимдерди калыбына келтирип жатат. Шаардыктардын көбү ысык суу өчкөн соң, суу жылытуучу бактарды иштетти. Эми суу берилгенде аларды өчүрбөй, же туура эмес өчүрүп коюп жатышат. Буга байланыштуу үйлөрдө ысык суу жок болуп калышы мүмкүн”, - деди ал.

Райымбеков белгилегендей, учурда тиешелүү иштер жүрүүдө. “Бүгүн кечке чейин бардык абоненттерге ысык суу берилет”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, учурда ири коммерциялык уюмдарга жылуулук жана ысык суу бериле элек, бирок адистер иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий