Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Дархан айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объектинин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, наркы 66,1 млн сомду түзгөн.
Долбоор боюнча бала бакчанын имараты 100 орунга ылайыкталган жана эки кабаттан турат. Заманбап шартта салынган группалык таалим алуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети бар. Объекттин жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт.
Пикир
Оставить комментарий