• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош облустук жарандык коргонуу штабынын отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. Кечээ, 10-февралда Ош облустук жарандык коргонуу боюнча координациялык кеңешме болуп, 2022-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациянын башчылары-акимдер катышты.

Координациялык кеңешмеде, аймактарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттеринин келип чыгуусун жоюу ошону менен катар кырдаалдарга дайым даяр туруу, 2022-жылы түзүлгөн Жарандык коргонуу боюнча иш пландын аткарылышы жана 2023-жылга карата Жарандык коргонуу боюнча иш милдеттери каралып, Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги Нурдин Шаматов доклад жасады.

Мындан сырткары, Ош облусундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, аны жоюуга жана 2022-жылдагы иш планды аткаруудагы жогорку ийгиликтерге жетишкен кызматкерлерге өкүлдүн Ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий