• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жети-Өгүздүн Дархан айылындагы бала бакчанын курулушу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө имараттын дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Учурда ички-сырткы курулуш иштери жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий