Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда Жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 187-чакырымында Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 1987-жылы туулган А.М жана 1987-жылы туулган Ж.А. аттуу 2 эркек киши аркандай жаракат алышкан.
Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий