Кыргызстандагы “Айданфарма” заводу көп ассортиментүү дары-дармектерди чыгара баштай турганы айтылды. Дары-каражаттарын өзүбүз чыгара баштасак, мамлекеттин экономикасына чоң салым болот. Өзүбүздүн фармацевтикалык өнөр жайыбызды өнүктүрүү мамлекеттин пайдубалын бекемдөөнүн маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат. Аны менен катар, эң маанилүүсү - улуттун саламаттыгын сактап калуу маселеси.
Бүгүн, Кыргызстандын дары-дармек рыногунун 90% пайыздан ашыгы чет өлкөдөн келет. Өлкөнү дары менен камсыз кылгандардын баары жеке компаниялар. Чет жактан келген медициналык каражаттарга алар өз билген бааларын кошот. Фармацевтика тармагы дүйнөдө баңгизаттан кийинки эле эң көп киреше алып келген тармак. Мамлекет буга чейин бул фармацевтикага анчейин көңүл бурбай же атайын жеке колдорго өткөрүп жиберген. Өлкөдөгу дарыкана түйүндөрүнүн кожоюндары же депутат, же чиновниктердин жеке менчиги болгон. Алар жөнөкөй элдин ден-соолугуна кам көрүп жатканынаа күмөн чоң. Себеби, бизде сатылган дарылардын баасы асман чапчып кеткен.
Дары-дармекке болгон элдин муктаждыгын камсыз кылуу үчүн, Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен "Кыргызфармация" ишканасы түзүлүп, ишке кирген.“Кыргызфармация” ишканасы дары-дармектин 600дөй түрүн 290 саламаттык сактоо уюмуна жеткирип берди. Буга чейин дары каражаттары тендер аркылуу сатылып алынчу. Чет өлкөлүк фирмалардан ишкана түз сатып алып жаткандыктан, акча каражаттары да үнөмдөлгөн.
Жарандарды арзан баадагы жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыздоо үчүн өлкө боюнча “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары ачылган. Ал жакта дарылар 20-25% арзан. Бүгүнкү күндө “Кыргызфармация” ишканасы 90 фирмадан жана 30дан ашык өлкөдөгү заводдордон келишимдин негизинде дары каражаттарын алууда. Албетте, бүгүнкү күндө мурункуга салыштырмалуу дарылардын баалары кыйла арзан.
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, кыргыз медицинасындагы өнүгүүлөр, жаңы ачылыштар боюнча кубанычтуу жаңылыгыбыз бар деп билдирди.
“Биздин ата мекендик өндүрүүчү “Айданфарма” жакынкы убакта таблетка жана капсулалардын 120, майлардын 20 түрүн, сироп жана суспензиялардын 10 түрүн чыгарууга даярдыктарды көрүп жатат. Жогоруда белгиленген дары -каражаттардын жана медициналык буюмдардын арасында - азитромицин, амброксол, ибупрофен, омепразол, ацикловир, диклофенак, каптоприл, кетопрофен, кетотифен, урсодезоксихол кислотасы. Стерилдүү жана стерилдүү эмес бинттер, гипс бинттери, стерилдүү жана стерилденбеген кебез, спирттүү салфеткалар ж.б. бар.
Кыргызстандын дары-дармек рыногун 90%дан ашыгын импорттук продукция ээлейт, ошол себептен дарыга болгон муктаждыктарды ата мекендик өндүрүш өзү толук камсыздоосу өтө маанилүү. Кийинки этап менен керек болсо экспортко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү да каралат. Экспорттун көлөмүнүн өсүүсү менен мамлекеттин ички дүң продукциясынын көлөмү дагы көбөйөт”, - дейт Дайырбек Орунбеков.
Ал эми бүгүнкү күнү, мамлекеттин карамагына өткөн “Айданфарма” заводу өлкөнүн саламаттык сактоо мекемелери муктаж болгон медициналык этил спиртин чыгара баштады. Пландалган дары-дармектерди чыгаруу үчүн ишкана модернизациядан өтүп, ички рынокту канаттандыруу үчүн дары каражаттарынын көлөмүн жана ассортиментин көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Кийин чыгарган дарылары экспортко дагы жөнөтүлөт.
Биохимик-иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Бактыбек Саипбаев бийлик “аптека мафиясын” аз да болсо акыл-эсине келтирүү үчүн туура кадамдарды жасап жатат деп эсептейт.
«Мурда арзыбаган тыйынга турган эң негизги дары-дармектер азыр биздин өлкөгө чет элдик таңгактарда он эселенген үстөгү менен келчү. Дарыканалардан таблеткалардын кымбаттыгынан улам бирден же экиден сатып алгандарды көргөндө өзүмдү ыңгайсыз сезем. Биз азыр жеке тармактардан сатып алууга аргасыз болгон нерселердин баары мурда биздин өлкөдө өндүрүлүп, калкка жеткиликтүү болгон. Бизде керек болсо антибиотик чыгарган завод дагы бар болчу.
Ал эми ошол эле гриппке каршы порошок жана Вишневский мазь, түздөн-түз аптекаларда фармацевттер тарабынан даярдалып, сапаттуу, арзан жана эффективдүү болгон. Бул өтө олуттуу жана курч социалдык көйгөйгө мамлекет тарабынан көңүл бурулганына абдан кубанычтамын», - дейт Саипбаев.
Эксперттин айтымында, калкты арзан ата мекендик дары-дармектер менен камсыз кылуу менен бийлик дароо бир нече көйгөйлөрдү чечүүгө олуттуу салым кошууда - жаңы жумуш орундарын түзүү, импорттук кымбат дарыларга көз карандылыкты азайтуу, баа түзүүгө "аптека мафиясынын" таасирин азайтуу, жарандарды социалдык колдоо, анын ичинде жакырчылык менен күрөшүү.
«Бир убакта дээрлик бүт дары рыногу жеке менчикке өтүп кеткен. Бул нарктын кескин кымбатташына алып келди. Мисалы, 30 сомдук жөтөлдүн сироп дарысынын ордуна, алардын чет элдик аналогдорун 600 - 700 сомдон сатып алууга аргасыз болуп жатабыз. Эми мамлекеттик дарыкана тармагын жайылтуу менен бул катаны оңдоого аракет жасалууда.
Албетте, ата мекендик фармацевтика өнөр жайы өзүнү
н мүмкүнчүлүктөрүн арттырып, ассортиментин кеңейтүүгө тийиш. Сасык тумоого каршы таблеткалардын, жөтөлгө каршы суспензиялардын жана мурун көңдөйүнүн тамчыларынын баасы асман чапчыбаш керек. Пенсионерлер жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн бул оор. Тамак-аш сатып алуу же дары-дармек сатып алуубу деп тандоо алдында туруп калбаш керек. Ошондуктан мамлекет өзүнүн фармацевтикалык тармагын өнүктүрүү программасын толук кандуу ишке ашыра алат деп чындап үмүттөнөм», - деди Бактыбек Саипбаев.
Ушундан улам, Кыргызстанда дары-дармек рыногунда, элдин ден соолугун биринчи орунга коюп, тартипти мурда эле орнотуш керек эле. Андыктан дары-дармектердин кеңири ассортиментин өндүрүүнү гана уюштурбастан, ата мекендик дары-дармектер аптекаларда дефицит болуп, катылып, тымызын сатылбай, көзгө көрүнгөн жерде туруш керек. Калк ден соолукту сактоочу жана өмүрдү узартуучу арзан жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз болууга тийиш.
Пикир
Оставить комментарий