ЖК комитетинде эмгек министринин кызмат ордуна Полотованы дайындоого макулдук берүү каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Жылдыз Полотованы дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Жылдыз Полотованы министр кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Жыйынтыгында комитет президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Пикир

Оставить комментарий