• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өмүралиев: Кыргызстандын Мамлекеттик банкы киреше табуу үчүн түзүлгөн эмес

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын төрагасы Талант Өмүралиев финансылык уюмдун максаттары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Мамлекеттик банктын негизги максаты - киреше табуу жана аны максималдуу көбөйтүү эмес.

“Банктын максаты – өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат. Банктын капиталы 2 млрд сомду түзөт, учурда каражат мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө сакталууда. Ал эми имарат маселеси азырынча чечиле элек”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий