ЖК төрагасы: Жер көчүү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин тездетүү зарыл

Аймак 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Аксы районундагы иш сапары Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Жүзүмжан айылында уланды.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага айылдагы жер көчкү коркунучу бар тилке менен таанышты. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көчкүнүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

Министрдин айтымында, Азия өнүктүрүү банкы менен 39 млн АКШ долларына барабар биргелешкен долбоор макулдашылып, жалпы жалпы республика боюнча 27 тилкедеги жер көчкү коркунучун азайтуу иши пландалган. Ага Жүзүмжан айылы да киргизилген.

Төрага аталган долбоорду тез арада ишке ашырып, жер көчкү коркунучун жоюу талабын койду.

“Адам өмүрү баарынан кымбат. Андыктан, калкка коркунуч жараткан кырсыктардын алдын алуу ишине катуу көзөмөл кылып, тиешелүү долбоорду тез арада бүткөрүү керек”, – деди төрага Нурланбек Шакиев.

Пикир

Оставить комментарий