Жогорку Кеңеш "Жарнама жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Жарнама жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Марлен Маматалиев, Бактыбек Чойбеков, Талайбек Масабиров, Айбек Маткеримов, Алишер Козуев, Ырысбек Атажанов, Улан Бакасов, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков, Русланбек Жакышов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Тазабек Икрамов, Жалолидин Нурбаев, Чыңгыз Ажибаев, Алишер Эрбаев, Шайлообек Атазов, Эльдар Абакиров, Талант Мамытов, Шарапаткан Мажитова, Балбак Түлөбаев, Лейла Лурова, Мурадил Сыдыков, Эрулан Кокулов, Бакыт Тентишев, Исатбек кызы Аида, Камила Талиева.

Аталган мыйзам долбоорун Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева тааныштырды.

Мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр-бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүп, жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары жыйында министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген “Технологиялык парктар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий