ЖКККББ: Чолпон-Ата шаарында жол коопсуздугу күчөтүлүүдө

Аймак 0


Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында жол коопсуздугу күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жайкы туристтик мезгилде Ысык-Көл облусунун аймагында, айрыкча Чолпон-Ата шаарынын ичинде, автобекетинде жана Балыкчы шаарынын айланма жолунда унаалардын саны көбөйүүдө. Ошондой эле пансионаттардын, санаториялардын жана лагерлердин айланасында туура эмес токтотулган унаалар дагы көп болууда.

Азыркы учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ушундай шартта жол кыймылын жөнгө салып, жол тыгындарын болтурбоо максатында атайын кайгуул постторун уюштуруп, күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барып жатышат.

ЖКККББ Ысык-Көл облусуна келген айдоочулар жана эс алуучулардан башка жол кыймылынын катышуучуларына да тоскоолдуктарды жаратпастан, авто унааларды жол жээктерине калтырбай, туура эмес жерлерге токтотпоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий