• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өзгөн районунда 1,6 миң үй-бүлө жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашайт

Аймак 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Өзгөн районунун аймагында азыркы учурда жер көчкү кооптуулугу бар аймактарда жашаган жалпы 1597 турак жай бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аймактык тургундарына жарандык коргонуу кызматынын комиссиясы тарабынан кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүү берилди.

Белгилей кетсек, коопту аймактарда жашаган жарандарга ӨКМ тарабынан жыл сайын кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүүлөр берилип келет.

Пикир

Оставить комментарий