• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ЖКККББ: Жол жээгинде күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга айып салынууда

Коом 0

Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында жол жээгинде күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга айып салынууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол жээгинде өз алдынча күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга карата атайын рейддик иш-чараларды өткөрүп, аныкталган мыйзам бузууларга карата Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин ылайык, тийиштүү проткол толтуруп, 3000 сомдон айып салынууда.

Мындан сырткары, жол көзөмөлдөө кызматкерлери сатуучу жарандарга мындай көрүнүш мыйзамсыз экендигин, эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана күйүүчү май күйүп жарылып кетүү коркунучу бар экендигин жана бул көрүнүш КР жолдор боюнча мыйзамына туура келбестигин эскертишүүдө.

Пикир

Оставить комментарий